Чексе (иранча ческ — баштыкча) — дары оролгон кагаз, орооч кагаз; дары салгыч, дары салынуучу баштыкча. "Манаста " эпостун каармандары ууга чыкканда жана согуш учурунда атылма куралдарды атууда колдонулуучу тез тутангыч дары заттарын салып жүргөн баштык маанисинде колдонулат. Мисалы, "Акылмандын барысы Чекседе белен дарысы" (Сагымбай Орозбаков, 2. 43).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4