Чоң Казык — өзөн, Каракулжа районундагы суу, Тар суусунун сол куймасы. Узуну 33 км, алабынын аянты 342,5 км2.

Чоң Казык
Мүнөздөмө
Узундугу 33 км
бассейндин аянты 3 425 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Кызылагын ашуусундагы булактардан башталып, түндүктү карай агат. Башкы агымында Домбра деп аталат. Жылдык орточо чыгымы 3,61 м3/сек, эң көп чыгымы июнда (9,87 м3/сек), азы февралда (0,35–0,40 м3/сек) байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2