Шакыйбаштын бир жагынын катуу оорушу менен мүнөздөлгөн оору.

Анда жүрөгү айланып, кусат, чыйрыгат, көрүү, сүйлөө, угуу, сезүү начарлайт, баш айланат. Ш. адатта жыныстык жетилүү мезгилинен башталат. Эркектерге караганда аялдар көп ооруйт. Шакый кармарда адамдын абалы начарлап, туталанып, уйку басат. Шакый кан тамырды нервдик жөнгө салуу бузулгандан болот; көп учурда тукум куума кан тамыр оорусу менен жапа чеккендерде жолугат. III. адатта адам толкунданганда же өтө чарчаганда кармайт. Анын тез-тез кармашы, адамдын жашоо-тиричилиги, эмгектенүү жана эс алуу эрежесин туура сактабоо, жакпаган айрым тамак-ашты пайдалануу, тамеки тартуу, ызы-чуу, аялдардын көбүнчө этек кири келиши менен байланыштуу. Оорулуу невропатологдун көзөмөлүндө болуусу зарыл.

Шакыйды дарылоо баарыдан мурда адамдын жашоо-тиричилик режимин жөнгө салуудан башталат. Шакый кармаганда бутту ысык сууга салып, башка ысык же тескерисинче, муздак компресс коюп, ысык чай ичип, желкеге горчичник баскан жакшы, ооруну басаңдатуучу (анальгин, амидопирин) жана кан тамырларды кеңейтүүчү дарыларды ичүү керек.

Дагы кара түзөтүү

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8