Шалбаа буурчагы (Lathyrus) - өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумунун уруусу. Бир жана көп жылдык чөп.

Европа, Азия, Түндүк-Батыш Африкада 100, КМШ өлкөлөрүндө 60, Кыргызстанда 11 түрү белгилүү. Эгилме 8 түрү өстүрүлөт. Негизги сабагында жалбырак өспөйт. Сабагы төрт кырдуу, бийиктиги 15-20 см (1,52 мге чейин); башка өсүмдүккө жармашып, оролуп өсөт. Каптал бутактары негизги сабагынан узун. Жалбырагы сүйрү, бир же 2-4 жуптуу. Ton гүлү ак, сары, саргыч кызыл, кызгылт көк. Мөмөсү - кош канаттуу чанак, уругу түрдүү чоңдукта. Көпчүлүк түрү тоют өсүмдүгү. Кургакчылыкка чыдамдуу; жаанчыл жылы жакшы түшүм берет. Эгилме Ш. б. дан, көк тоют жана чөп алуу үчүн өстүрүлөт. Судан чөбү менен аралаш эгилгенде жылына эки чабылат. Кээ бир түрүнүн (Венеция Шалбаа буурчагы) саны азаюуда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4