Шергазы хан (?-1728) — Хива хандыгын 1714-28-жылдары башкарган жана шибанийлер тукумунан чыккан башкаруучу.

Өмүр жолу түзөтүү

Жаштыгы түзөтүү

Шергази кичинесинде Бухарада медреседе таалим алган билимдүү адам болгон. Ал хан тукумунан болгондуктан, 1714-жылы Хива мамлекетинин эли аны Хорезмде хан кылып көтөрүшкөн.

Орусиянын жүрүшүн токтотуу түзөтүү

1717-жылы Орусия империясы алгачкы жолу Орто Азияга көз артып, Бекович-Черкасский баштаган 6 миңден ашуун аскерди жортуулга жөнөткөн. Аларга каршы Шергази хан жетектеген түркмөн, өзбек жана казак жоокерлери аттанып, Карагач деген жерден беттешишкен. Үч күндүк кагылышууда курал-жарак жагынан алсыз болгон орто-азиялыктар жеңилип калган.

Ошондо Шергази хан душманды амалкөйлүк менен жеңүүнү чечип, орус аскерлерин 5 шаарга бөлүп коноктой тургандыгын айткан. Натыйжада планы ишке ашып, орус аскерлерин туткунга түшүргөн жана ошону менен Орусия империясынын жортуулдарын бир жарым кылымга токтоткон.

Билим берүү тармагындагы салымы түзөтүү

Шергази баатыр-хан Хивада курдурган медресе ошол доордогу жогорку окуу жайдын ролун аткарган.

Өлүмү түзөтүү

Ал 1728-жылы шейит кетип, сөөгү өзүнүн медресесине жакын жерге коюлган.

Шилтемелер түзөтүү