Шортоң топурак – негизинен шор топурактардын (солончак) туздан арылуу процессинде пайда болгон топурактар. Кургакчыл аймактарда аралча түрүндө таралган. Топурак горизонттору даана байкалат. Шортоң топурактар режими чириндилүүлүгү (кара жана каштан топурак шортоңдору), кыртыш суулары менен өз ара байланышы (шалбаа, шалбаалуу-талаа, талаа), шортоңдуу горизонттун үстүндөгү калыңдыгы (кабыктуу, ортоңку, терең), шортоң горизонтунун структурасы (мамы сымал, призма сымал ж. б.), туздун тереңдикке таралуу чеги жана составы боюнча бөлүнөт. Топурак күрсүз, гипс же акиташты кошууну талап кылат. Дунай бою жана Каспий бою ойдуңдарында, Орто Азияда кеңири таралган.

Колдонулган булак түзөтүү