Щуровский мөңгүсүТүркстан кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү.

Каравшин суусунун алабынан орун алган. Уз. 11,6 км, аянты 21,4 км2. Башы деңиз деңг. 5340 м, этеги 3280 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3940 м. Абляция облусунун аянты 11,5 км2, анын 2,2 км2 морена чөкмөлөрү м-н капталган. Куралуу облусу така сымал ийилген кенен төрдү ээлеп жатат. 1950-жылдан мөңгү тартылууда. Мөңгүдөн Каравшин суусунун оң курамы Жиптик суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2