Ызы-чуу — киши организмине жагымсыз таасир этип, анын ишине жана эс алуусуна тоскоол болуучу добуштар.

Азыркы мезгилде түзөтүү

Азыркы илимий-техникалык прогресстин учурунда Ызы-чуу чөйрөнүн тескери таасиринин бири болуп калды. Шаарлардын, өнөр жайдын, транспорттун өнүгүшү, өндүрүшкө жана тиричиликке жаңы техниканын киргизилиши (күчтүү мотор, компрессорлор, радио, телекөрсөтүү, тиричилик приборлору жана башкалар) Ызы-чуунун көбөйүшүнө алып келди. Шаарда транспорттун дүрүлдөшү, башка жагымсыз факторлор, дирилдөө, чаң, зыяндуу газ менен бирге таасир эткенде анын терс таасири күчөйт. Ызы-чууга жана анын ден соолукка тийгизген тескери таасирине каршы күрөш эл аралык маселе болуп эсептелет. Шаарда жашагандардын жана айрым кесиптегилердин арасында нерв, жүрөк-кан тамыр ооруларынын, жара оорусунун көп болушун жана угуунун начарлашын окумуштуулар Ызы-чууга байланыштырат.

Таасири түзөтүү

Ызы-чуу угуу органы менен борбордук нерв системасына тескери таасир берип, мээ кыртышынын клеткаларын жабыркатат. Ызы-чуунун таасиринен адам тез чарчап, уйку качат, эске тутуу төмөндөйт, кыймылы жана тең салмактуулугу бузулуп, эмгек өндүрүмдүүлүгү начарлайт. Ызы-чуу узак убакыт таасир эткенде борбордук нерв системанын бузулушу гипертония оорусуна түрткү берет. Эс алуу, айрыкча уйку убагындагы Ызы-чуу өтө зыяндуу.

Алдын алуу түзөтүү

Биздин өлкөдө Ызы-чууну азайтууга бир катар мыйзамдар жана токтомдор кабыл алынган. Тиричиликтеги Ызы-чууну азайтуу жана болтурбоо эрежелерин сактоого ар бир адам милдеттүү. Ызы-чууга каршы күрөшүү маселелерин чечүүдө санитария - эпидемиологиялык кызмат органынын ролу чоң. Ал турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттарынын долбооруна, курулушуна, пайдалануусуна көз салат. Өндүрүш Ызы-чуусун азайтууда аны басаңдатуучу атайын техникалык каражаттар колдонулат. Аларга амортизациялоочу, үндү жутуучу материалдан пайдубал жасоо, тоскучтарды колдонуу жана башкалар кирет. Ошондой эле жеке сактануу каражаттарын колдонуунун да мааниси чоң. Көчө Ызы-чуусун азайтууда катуу дүрүлдөгөн транспортту элдүү жерден алыстатуу, үн сигналын бербөө, көчө салууну туура пландоо, өндүрүш ишканаларын, аэродром, темир жолду шаардын сыртына чыгаруу жана башкалар чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8