Ышкиййа тарыкаты (Суфийский орден ышкийя, the Sufi Order of Ishqiyya) – Теңир-Тоодогу сунний мусулмандардын сопулук агымы.

Кыскача тарыхы түзөтүү

Ышкиййа тарыкаты Чыгыш Түркстандагы саясий бийлик тизгинин ээлөө максатында Ысхакиййа тарыкатынын өкүлдөрүнө каршы күрөшкөн. Ы. т-н кожо Махмуд-и Аззамдын (1542-ж. өлгөн) уулу Кожо Мухаммед Эмин (ылакап аты - Кожо Келең) негиздеген.

Аскердик таяныч күч катары ал өзүнө Чыгыш Түркстандагы ”ак тоолук” кыргыздарды тарткан.

Аталышы түзөтүү

“Ышкиййа” арабча ”ышк” (ашыктык, ышкы) деген сөздөн алынып, сопулук диний ишенимде ак уруп, экстазга батуу м-н “кудайга” жагынгандыкты туюнткан.

Ы. т-нын талапкерлерин “актоолуктар” же “ак такыялуулар” деп да аташкан.


Адабият түзөтүү

Б.Урстанбеков, Т. Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – 1990. - (ISBN 5-89750-028-2).

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү