Эгоизм (лат. едо – мен) – өзүн жакшы көрүү; өзүнүн жеке Мени (керт башы), өзүнүн пайдасы жана утушу, башкалардыкына караганда өз кызыкчылыгын жогору коюшу жөнүндөгү ой-пикир менен аныкталуучу жүрүм-турум. Эгоизм баарыдан-мурда, адамдын өзүн-өзү сактоого болгон табигый сезиминин, инстинкдинин туундусу болуп эсептелет; этикалык көз караштан алганда Эгоизмдин зарылдыгы өмүрдүн баалуулугу менен шартталат. Ал адамдын өзүнө берилген асылдыктарды аңдап-түшүнүүсү жана жүзөгө ашыруусу, мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмүн болушунча жогорку деңгээлде өнүктүрүп-өстүрүүдөгү моралдык парзын аткаруу үчүн керек. Айрым учурлардагы жеке кызыкчылыктардын коомдук же башка инсандардын кызыкчылыгынан жогору коюучулук – Эгоизмди этикалык көз караштан алып караганда жол берилгис нерсеге айлантат.

Адабий журнал «Эгоист» (Лондон, 19141919)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9