Эл:

  • 1) белгилүү бир өлкөнүн бүткүл калкы;
  • 2) тарыхтын ар кайсы этаптарында өзүнүн объективдүү абалына ылайык коомдун прогрессивдүү өнүгүү милдеттерин чечүүгө катышууга жарамдуу таптардан жана катмарларынан турган эл массасы, негизинен эмгекчилер массасы, тарыхты жаратуучу, коомдук өзгөрүүлөрдүн негизги жылдыруучу күчү;
  • 3) калайык (народность) – адамдардын уруудан кийин, улуттан мурда келүүчү тарыхый жалпылыгы; тилинин, аймагынын, экономикасы менен маданиятынын белгилүү бир деңгээлдеги жалпылыгы менен мүнөздөлөт;
  • 4) ошондой эле башка тарыхый жалпылыктар, мисалы, уруу, улут жана башка кээде эл деп аталат

Колдонулган булак түзөтүү