Эмпириокритицизм, Ма-хизм ― философиядагы Авенариус жана Мах тарабынан негизделген субъективдүү-идеалисттик багыт.

Эмпириокритицизм материалдуу дүйнөнүн объективдүү жашашын танат жана заттарды аң-сезимдин кубулушу, сезим-туюмдун комплекси катары карайт. Дүйнөнү таанып билүүнүн негизги мыйзамы катары ойлоонун, ой жүгүртүүнүн экономиясын эсептеп, эмпириокритицизм тажрыйбаны аңдап билүүнүн материя түшүнүгүнөн «тазалайт». Натыйжада эмпириокритицизм дүйнө жөнүдөгү элестөөлөрдү «нейтралдуу элементтердин» жыйындысы катары карайт. Философиянын нейтралдык талабын жамынган берклианство менен юмизмдин кайра жаралуусун символдоштурат.

Булактар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8