Эндокринология (грек. ἔνδον — ичинде, κρίνω — бөлүп чыгарып атам жана λόγος — сөз, илим) — клиникалык медицинанын ички секреция бездеринин түзүлүшүн, функциясын жана алар иштеп чыгарган гормондордун организмге физиологиялык таасиринин механизмин, ошондой эле ал бездердин функциясы бузулганда пайда болуучу ооруларды изилдеп, аларды алдын алуу, диагноз коюу, дарылоо ыкмаларын иштеп чыгуучу тармагы.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8