Эпиграмма (гр.– жазуу) – сатиралык максатта жазылып, бир кишини тамашага алуу менен анын кемчиликтерин көрсөткөн чакан ыр. Адегенде Грецияда эпиграмма деп ар түрдүү буюмдарга жазылган кара сөздөр да, ырлар да аталса, кийин Римде чакан поэзиянын чыгармалары атала баштаган. Көпчүлүк классик акындар да эпиграмма жазууга кайрылган. Эпиграмма кыргыз сатиралык поэзиясында да көп учурайт. Мисалы,

Ишке барса ичим дейт,

Үйгө келсе тишим дейт.

Айтор, мунун оорусун,

Врачтар да түшүнбөйт.


Аларына келгенде,

Аягына жыгылат.

Берерине келгенде,

Кудайга үнү угулат.


Чарбаны жеп да бүттү,

Дос да күттү.

Акырында өз арызы боюнча.

Кызматтан түштү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004