Эпидидимитэн безинин кошумчаларынын сезгениши. Эпидидимит эн безине ага жанаша органдардан (простата бези, табарсык, заара чыгуучу канал) урук түтүгү аркылуу же кан жана лимфа агымы менен инфекция киргенде болот.
Калтанын жабыркашы, муздап калуусу (муздак сууга түшүү) жана башкалар бул ооруга түрткү берет. Эпидидимитте калтанын сезгенген жагы ооруйт, арт жагы катууланып, шишийт, дене ысыйт. Демейде оору тез башталат, кээде билинбей жүрүп, эн безинин чоңоюп калганы байкалат. Катуу кармаган инфекциялуу эпидидимит сүзөктүн кабылдоосу катары, ал эми өнөкөт түрү туберкулёздун натыйжасында өөрчүйт.
Врачка кайрылганга чейин калтаны тынч абалда кармап, суспензорий кийсе болот. Оор нерсе көтөрүү, көп басуу, жыныстык катнашууга болбойт.

Эркектин жамбаш жана сырткы жыныс органынын схемалык көрсөтүлүшү (жара кесилген); стрелка менен эпидидимитте жабыркоочу эн бези көрсөтүлгөн.

Дарылоо түзөтүү

Оорулууну врач дарылайт. Врачка эрте кайрылганда өз убагында дарылап, кабылдоодон (эки жактуу эпидидимит тукумсуздукка алып келет) сактайт. Көп учурда амбулаторияда, кээде гана ооруканада дарылайт. Эпидидимит кайра-кайра кармай берген учурда хирургиялык операция жасап, эн безинин кошумчалары алынып ташталат.

Алдын алуу түзөтүү

Эпидидимитти алдын алууда табарсыктын заара чыгаруучу каналдын простата безинин ооруларын (цистит, уретрит, простатит) өз убагында дарылоо, ошондой эле суукка урунуудан сактануу, өздүк гигиенанын эрежелерин бузбоонун мааниси чоң.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8