Эржиш - 1) Түркиянын Ван дубанындагы эң көп калкы бар жана эң өнүккөн аймагы.

Эржиш.
Туркиядагы орду.

2) Эржиш аймагынын борбор шаары.

Эржиш шаарынын тургундарынын саны 2008-ж. 79.639 кишиге жеткен. Салыштырмалуу 1990-ж. - 40.481 киши, 2000-ж. - 70.881, 2007-ж. - 77.464. Бирок акыркы изилдөөлөргө караганда калктын саны 100 миңден ашты деп айтылууда.

Көпчүлүгү - азербайжандар, күрттөр, кыргыздар жана аз санда цыгандар да жашашат. Ван шаарынан - 90 км, Ван көлүнөн 5 км аралыкта жана 25 метр бийиктикте курулган. 13 кылымда белгилүү соода жолундагы Эржиш бүгүн Чыгыштын Батышка карай ачылган эшик болуусу өзгөчө мааниге ээ. Ирандан Орто Чыгыш өлкөлөрүнө кеткен транзиттик жол ушул жерде өтөт. Эржиш-Агры, Эржиш-Битлис, Эржиш-Ван темир жолу менен Түркиянын ар тарабына жетүүгө мүмкүн.

3) Эржиш шаарынанан 30 км аралыкта жайгашкан айыл.