Эризипелоид (лат. erysipeloidum; байыркы грек тилинен ἐρυσίπελας тилме жана εἶδος — өң) — чочко тилмесинин бактериялары пайда кылган жугуштуу оору.
Негизинен бул ооруну чочколор жана тайыз сууда жашоочу балыктар таратышат. Эризипелоид чочкону сойгондо же балыкты тазалаганда колдогу ачык жараат, тилинген, кесилген же чийилген жер аркылуу, ошондой эле кылкандар менен колду сайыл алганда жугат. Эризипелоид менен көбүнчө эт жана балык комбинаттарында иштеген жумушчулар, үй кызматкерлери оорушат. Оорулуу адамдан соо кишиге бактерия жукпайт. Эки-үч күн өткөндөн кийин бактерия кирген жер кочкул көк тартып шиший баштайт. Кээде шишикке жакын жайгашкан бездер чочуп чоңоюп, колдун муундары ооруп, эти ысыйт. Оору 2—3 жумага созулуп, анан айыгат, кээде кайра кармашы ыктымал. Балыкты тазалоодо кокусунан кесилген жер кийин шишип, кызарып ооруса тезинен врачка кайрылуу керек.

Дарылоо түзөтүү

Ооруну врач дарылайт. Алдын алууда кокусунан малдын этин тазалап же тейлеп жатып колду кесип же сайып алса, сөзсүз йод эритмеси менен сүртүү, союлган малдын этин ветеринариялык кароодон өткөрүү, бактерия менен булганган этти сатууга тыюу салуу, балык чарбаларында балык өстүрүлгөн сууларды таза кармоо зарыл. Малга оору жуктурбас үчүн аларды эмдеп туруу керек.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8