Бекбазар уулу Эркесары

Эркесары Бекбазар уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Бекбазар уулу Эркесары (1884-1966, Талас району, Калба айылы) — комузчу.
Тогуз жашынан комуз черте баштаган. Шыгынын ойгонушуна Станбек, Сыртбай деген чертмекчилер күчтүү таасир берген, кийин Ныязаалы, Токтогулдардын таалимин алган. Талас, Кетмен-Төбө, Аксы аймактарына чебер комузчу катары таанылган.
1936—40-ж. Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген. Токтогул, Ныязаалы, Майлыбай, Айдараалы, Боккөтөн, Шеркул жана башкалардын күүлөрүн чебер аткарган. «Салтанат камбаркан», «Салтанат шыңгырама», «Эрмек күү», «Шандуу жаштар» деген күүлөрдү чыгарган.

Бекбазар уулу Эркесары

Булактар түзөтүү

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.