Эссе (фр. essai – тажрыйба, иштелип бүтпөгөн чыгарма) – адабий жанр, очерктин өзгөчө бир түрү, анда жазуучунун турмуш көрүнүштөрүнөн жаралган ой жүгүртүүлөрү, кыялы берилет. Дүйнөлүк адабияттын тарыхында эссе жанр катары 12-кылымда Европада пайда болот, анын өзгөчө өнүккөн жери Англия болгон. Эссенин стили образдуулугу, сүйлөө речине жакындыгы жана курчтугу менен айырмаланат, философия, эстетика, адабий сын, көркөм публицистика аралаш келет. Ф. Франс, бир тууган Манндар, Б. Шоу ж. б. эссенин эң мыкты үлгүлөрүн жаратышкан. Кыргыз адабиятына эссе жаңыдан кире баштады. К. Жусуповдун “Ыр сабындагы өмүр”, «Жаз» повесттери эссеге мисал болот.

Эссенин негизги максаттары ― окурманды маалымдоо, ынандыруу жана көңүлүн ачуу, автордун өзүн билдирүүсү же бир же бир нече максаттардын айкалышы. Алардын ийгиликке жетиши автордун аудиториясын туура аныктай билүүсүнө жараша болот. Жакшы эссе оригиналдуу ой жүгүртүүсү, стилдик сезими жана натыйжалуу уюштуруу менен айырмаланат.

Кошмо Штаттарынын жана башка өлкөлөрдүн көпчүлүк университеттеринде студенттердин окуунун алгачкы жылдарындагы тиешелүү көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн негизги окуу предмети болуп саналат. Окуунун жүрүшүндө студенттер дил баяндын жаралуу принциптерин жана негизги түрлөрүн үйрөнүшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004.