Эс алуу үйлөрү — эмгекчилер жана алардын үй-бүлөсү эс алуучу мекеме; жагымдуу табигый-климаттык шарттары бар аймактарда жайгашат.
Ага атайын дарылоону талап кылбаган дени сак адамдар барышат. Бардык эс алуу үйлөрүндө медпункт, физиотерапия, массаж, стоматология жана башка кабинеттер иштейт. Медпункттагы врач эс алуучулардын ден соолугуна байкоо жүргүзөт, керектүү учурларда алдын алуу жана дарылоо иш-чараларын өткөрөт. Дене тарбия инструкторлор эртең менен гигиеналык гимнастиканы, ден соолукту чыңдоочу спорт оюндарын, туристтик жүрүштөрдү уюштурат. Эс алуу үйлөрүндө эс алуу мөөнөтү 12—24 күн. Жолдомону профсоюз уюму социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен акысыз же арзандатылган баа менен берет.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8