Эфемериддер (гр. ephemeridos - жазуу китепчеси, күндөлүк) - убакыттын удаалаштык катарын эсептөөчү өзгөрмөлүү астрономиялык чоңдуктардын маанисин камтыган таблица, таблицалар жыйнагы.

Көпчүлүк учурда Эфемериддер асман объектилерин байкоодо колдонулуучу жылдыздардын, планеталардын, Жердин жасалма спутниктеринин ж. б. координаталары пайдаланылат. Эфемериддер асман телолорунун кыймылы математикалык теориянын негизинде эсептелгендиктен анда камтылган бардык чоңдуктоо эфемерид убактысы деп аталган бир калыпта өтө турган убакытка таандык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.