Ямвлих, Халкидалык (280-ж.ченде — 330-ж.ченде) — неоплатонизмдин өкүлү, анын сириялык мектебинин башчысы. Ага төмөнкү чыгармалар таандык: «Пифагордун өмүрү», «Пифагорейлик окуулардын жыйнагы»., «Мистерия жөнүндө» ж.б.
Ямвлих Плотиндин окуусун Порфирийге караганда алда канча көбүрөөк татаалдаштырып жиберген. Ал Плотин киргизген: Бирбүтүндүк, Акыл, Жан деген үч категорияга таянат. Бирок бул категориялар Ямвлихте алда канча көбүрөөк татаалдаштырылып, дифференциялаштырылат. Алсак, ал Плотиндин Бирбүтүнүн: ар кандай бытиеден жогору турган Плотиндегидей Бирбүтүндүккө жана андан кийинки ар кандай нерсенин башталышы болгон жана Жыргалчылык деп аталган Бирбүтүндүккө бөлөт. Акылды да Ямвлих тарабынан ойлоочу Акылга жана мүмкүн болуучу Акылга бөлөт. Жан триадага бөлүнөт.
Акылдын эки түрүн да ал кийин триадага жана башкаларбөлөт. Бул жерде кечирээктеги неоплатонизмге мүнөздүү болуп калган алардын теориялык түзүлүмдөрүнүн схоластикалуулугу көрүнөт. Ямвлихте бардык ушул түзүлүмдөр ачык эле схематикалык формага ээ жана мистикага сугарылган.
Ямвлих өзүнүн философиялык ой жүгүртүүлөрүнө диний-мифологиялык тенденцияларды киргизгендиги үчүн «Теңир» деп аталган. Айрыкча бул Ямвлихтин практикалык философиясында өзгөчө көрүнөт, мында ал бутпарастык диндин ырым-жырымдарын жана аны менен байланыштуу болгондордун баарын кайра калыбына келтирүүгө умтулган.
Ямвлихтин пикири боюнча, башкы нерсе — кудайларга ишенүү. Ал кудайлар менен карым-катнашка чоң маани берген, ошондуктан ал теургия (кудайлардын эркине таасир берүү жана алардын ырайымына ээ болуу үчүн иштелүүчү сыйынт жөрөлгүсү), мантика (төлгө ачуунун ар түрдүү ыктары), курмандык чалуу, сыйынуу менен көп алектенген.

Ямвлих.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine