Бул — ат жабуунун адими түрү. Бул — аш-тойлордо байгеге чабылуучу белгилүү жорголорду, кулүктөрдү жана каркыралуу көч баштаган кыз-келиндердин мингендерин кол жеткиздей кооздоо. Үртүктүк жип көбүнчө ичке ийрилет. Ал терме, беш кеште, кажары түрүндө да согулат. Кымбат жердиктен (нооту, абайыдан да) тандалат. «Абайылап жасалган, кыз-келиндин үртүгү» — деп айтылат. Аттын моюнун, көкүрөгүн ороп, капталын жана соорусун жаап, ичи жука кийиз аркылуу ичтелип, чети учкул кыялы аркылуу укмуштай саймаланат да, жээктери төкмө чачыланат.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)