Үчүнчүлүктү четке кагуу принциби

Үчүнчүлүктү четке кагуу принциби – формалдуу логиканын бири бирине карама-каршы эки пикир берилсе, алардын бирөө гана туура, үчүнчү чындык жок (А деген А же А эмес, үчүнчү жол жок) деген маанилүү мыйзамы. Аристотель тарабынан анын «Метафизика» деп аталган чыгармасында сунуш кылынган. “Tertium non datur” деген латынча аталыш менен кеңири белгилүү. Математикалык логикада үчүнчүлүктү четке кагуу принциби формула түрүндө.


Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004