Өзүн контролдоо. Дене тарбия көнүгүүлөрү дең соолукту чыңдоодо жана сактоодо маанилүү. Физкультурниктер менен спортсмендердин ден соолугун коргоону врачтык контролдоо камсыз кылат. Ошондой эле өзүн контролдоо жүргүзүлөт. Ал үчүн врач өзүнө байкоолорду кандайча жазууну үйрөтөт. Өзүн контролдоо күндөлүгү медициналык кароодон өткөндө врач менен тренерге көрсөтүлөт. Андагы көрсөткүчтөр врачка спортсмендин ден соолугунда болгон өзгөрүүлөрдү өз убактысында табууга жардам берет. Натыйжада врач машыгууну көбөйтөт же азайтат, өтө чарчоонун алдын алат. Өзүн контролдоону үй шартында жүргүзүү оңой. Ал үчүн атайын күндөлүк түзүп, жумасына 1—2 жолу эртең мененки гимнастикадан кийин күндөлүккө: салмагын, пульсун, дем алуунун ылдамдыгын, булчуңдардын күчүн, демигүүнү, кандай тердегендигин, оорунун белгисин, ичеги-карындын функциясын жазуу керек. Ошондой эле машыгуу учурунда эмне жасагандыгы жөнүндө жазат. Эгерде режимди кайсы бир жеринен бузса, ал жөнүндө да жазуу керек. Аялдар «кошумча жазуу» деген графада этек кирдин жүрүшү, төрөттөн кийинки мезгил жөнүндө маалымат берет. Ошондой эле күндөлүккө биринчи ирет машыгуудан кийин өзүн кандай сезгендиги жөнүндө жазуу зарыл.

Көнүгүүлөрдүн натыйжасы түзөтүү

Эгерде зарядка методикалык жактан туура жүргүзүлсө, андан кийин киши күч алып, өзүн жакшы сезет. Машыгуудан кийин ал кетип, баш ооруп, баш айланса, кайсы бир функциялык бузулуулардын пайда болушун көрсөтөт. Зарядка, машыгуу туура жүрсө уйку кадимкидей тынч болот. Өтө чарчоодон уйку качат же тескерисинче уйку басат. Буларды да күндөлүккө жазуу керек. Кээде биринчи машыгуудан кийин булчуңдар ооруйт, андан чочубай, күндөлүккө белгилеп, такай машыгып, массаж, жылуу ванналарды жасоо сунуш кылынат. Кээ бир кишилерде машыгуудан кийин же машыгуу убагында оң же сол кабырганын (боор менен көк боордун тушу) алды ооруйт. Күч келүүдөн бул органдарга кан айлануу күчөп, бир аз ашык кан келип алардын капсуласы чоюлгандыгынан келип чыгат. Мындай учурларда кыймылдоо темпин азайтып, терең дем алуу керек. Ал жердин ооруганы басылбай, улам кайталаганы ошол органдардын функциясы бузулгандыгын көрсөтөт. Ошондуктан аны күндөлүккө киргизип, врач менен тренерге айтуу зарыл. Физкультура менен жаңы машыга баштагандар жана көп убакытка созулган тыныгуудан кийин эң башында өтө тердеп, организмден ашык суу чыккандыктан жана зат алмашуу абдан күчөп, майлар толук ажыроого учурагандыктан, дене салмагы азаят (бир эле машыгууда 1 кгга чейин), бирок сутканын ичинде ал кайра ордуна келиши мүмкүн. Машыгуу күчөп, туруктуулук жогорулаган сайын, дененин салмагы туруктуу болот. Таразага жумасына бир жолу эртең менен ач карын түшүү сунуш кылынат. Спорттук машыгуу тамакка табитти ачат. Анын начарлашы өтө чарчагандыкты белгилейт. Табит жөнүндө да маалыматтар күндөлүккө жазылат. Спортко дайыма катышкандардын булчуң күчү акырындык менен жогорулайт. Терең дем алууга үйрөнүү маанилүү. Эгерде дем алуу 1 минутада 16—20 болсо, кара жумуш иштегенде же машыкканда ал 40 же андан көп болушу мүмкүн. Бул организмдин кычкылтекти көп талап кылуусуна болгон физиологиялык реакциясы болуп эсептелет. Дем алуу өтө тездеп, күйүккөндө машыгууну токтотуп, күндөлүккө белгилеп, врачка кайрылуу керек.

Жүрөк тууралуу түзөтүү

Жүрөк-кан тамыр системасынын иштешин пульс белгилейт. Эркектерде минутасына 70, аялдарда 80 жолу кагат. Спорт менен такай машыккандардын жүрөгүнүн иштеши үнөмдүү болуп, алардын пульсу 1 минутада 50—60 жолу кагат. Көнүгүүлөрдөн кийин пульс минутасына 180ге жетет. Жүрөгү соо кишилерде пульс тез эле калыбына келет. Эгер 1 —1,5 саатка чейин калыбына келбесе организмдин чарчагандыгын же жүрөк-кан тамыр системасынын бузулуусун белгилейт. Ал учурда врачка кайрылып, машыгууну убактылуу токтотуу зарыл. Спорттук жетишкендиктерди да белгилөө маанилүү. Туура түзүлгөн машыгуу спорттук жетишкендиктерди жогорулатат. Спортко катышууда гигиеналык режимди (бир убакта уктоо, ойгонуу, тамеки тартпоо, ичкилик ичпөө жана башкалар) сактоо гана жакшы натыйжа берип, ден соолук чыңдалат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8