Өкмөт - мамлекеттик бийликтин жогорку аткаруу, тескөө органы. Ө-тү премьер-министр (канцлер, министрлер кеңешмесинин же кабинетинин төрагасы, кээ бир өлкөлөрдө мамлекет башчысы жетектейт. Ө. мүчөлөрү (министрлер, катчылар, мамлекеттик катчылар ж.б.) мамлекеттиик башкаруунун ар түрдүү борбордук ведомстволоруна жетекчилик кылат. Ө. бир партиялуу же коалициялык болушу мүмкүн. Федерациялуу мамлекттерде борбордук (федералдык) Ө. жана мамлекеттик федерациянын курамына кирген штаттардын, аймактардын өз Ө. болот. Ө-тү парламент курат же мамлекет башчысы (монарх, президент) дайындайт. Көпчүлүк мамлекеттерде укуктук жактан парламенттин алдында жоопкер.

Анын түзүлүш тартиби, курамы, компетенциясы конституциялар, конституциялык мыйзамдар менен аныкталат.

Шилтемелер түзөтүү