Өмүралиев Мукаш (20. 3. 1920, азыркы Чүй облусу, Кемин району, Кызыл-Суу айылы 21. 12. 2005, Бишкек) мамлекеттик-парт. кызматкер. Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген зоотехниги (1970), экономика илимд. кандидаты (1969). КАЧИни бүтүргөн (1942). Эмгек жолун 1942-ж. Ысык-Көл облусунун Тон районундагы «Улахол» совхозунда зоотехник болуп иштөө менен баштаган. 1943-ж. Фрунзе (азыркы Чүй) облусунун «Кызыл Октябрь» асыл-тукум совхозунда, 1944-жылдан Нарын облусунун Кочкор районундагы «Төлөк» совхозунда зоотехник, 1948жылдан ошол совхоздун директору болуп иштеген. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы асылтукум кой чарба совхозунун директору (1951-53), Совхоздор министринин орун басары, министри (1953-57), 1957-ж. Кыргыз ССРинин айыл чарба министринин орун басары, 1959-жылдан министри. Кыргыз ССРинин айыл чарба продуктуларын даярдоо жана камдоо министринин орун басары (1962-65), айыл чарба министри (1965-76), СССР Министрлер Советинде Кыргыз ССР Министрлер Советинин туруктуу өкүлү (1976-79), Кыргыз ССРинин камдоо министри (1979-82). Өмүралиев республиканын а. чарбанын өнүгүшүнө зор салым кошкон: анын жетекчилиги менен дыйканчылыкта сугат жерлер көбөйгөн, мал чарбасында мал чарба продукттуулугу арбыган. СССР, Кыргыз ССР Жогорку Советинин бир нече жолку депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү