Өчпөс гүл— көп жылдык чөп өсүмдүк. СССРдин Европа бөлүгүндө, Орто Азияда, Кавказда, кумдак топуракта, шагылдуу күңгөйдө өсөт. Медицинада боор ооруларын, өт жолдорунун ооруларын дарылоодо гүлү колдонулат. Гүлүнөн суюк экстракт — фламин дарысы алынат. 10 г гүлүн бир же бир жарым стакан кайнак сууга демдеп, чыпкалап, жарым стакандан жылуу бойдон тамактануунун алдында күнүнө 3 жолу ичсе болот.

Өчпөс гүл


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8