Aнтpопосфepa (антропе... жана грекче spera - кабык) - адамзатты индивиддердин жалпылыгы катары камтыган социалдык сферанын составдык бөлүгү. 1) адамзат жашаган жер сферасы; 2) бүгүнкү күндө жана келечекте адамдар тарабынан түздөн-түз же кыйыр түрдө өзгөртүлгөн өзгөртүлүүчү, өздөштүрүлүүчү жер жана жакынкы космос чөйрөсү; 3) адамдар тарабынан пайдалануучу биосферанын (географиялык, ландшафттык кабыкчанын) бөлүгү. Aнтpопосфepa социалдык сфера түшүнүгүнүн синоними.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1