Django (Джанго, ['dʒæŋɡoʊ]) — Python тилиндеги веб-колдонмолор үчүн эркин фреймворк. MVC долбоорлоо калыбын колдонот. Долбоорду Django Software Foundation уюму колдойт.

Django'до сайт бир же бир нече колдонмодон курулат. Буларды ажыратууга же кошууга мүмкүн кылуу сунушталат. Бул анын айрымдардан олуттуу архитектуралык айырмасы болуп эсептелет (мисалы, Ruby on Rails). фреймворктун негизги принциптеринин бири - DRY (англ. Don't repeat yourself)

Башка фреймворктордон айырмаланып, URL иштеткичтери Django'до туруктуу айкаштардын жардамы менен апачык конфигурацияланат. Контроллерлердин моделинин курамынан автоматтык түрдө чыкпайт.

Django берилиштер базасы менен иштөө үчүн өз ORM'син колдонот. Мында берилиштер модели Python класстары менен сүрөттөлөт жана буга жараша берилиштер базасынын схемасы чыгарылат.

Тарыхы түзөтүү

Пайдалангандар түзөтүү

Django веб-фреймворку Instagram, Disqus, Mozilla, The Washington Times, Pinterest, YouTube, Google ж.б.у.с. ири жана белгилүү сайттарда колдонулат.

Ошондой эле, Django веб-курам катары график түзүү жана байкоо системи - Graphite'де, файл алмашуу жана сактоо системинин эркин аткарылышы - FreeNAS'та ж.б. долбоорлордо колдонулат.

Шилтемелер түзөтүү


Документация түзөтүү

Джанго документациясы: [1]