Rim of the Pacific Exercise (RIMPAC), которулганда — "Азия-Тынч океанынын мамлекеттеринин машыгуусу" — дүйнөдөгү эң ири эл аралык деңиз машыгуусу. Деңиз флоту жана АКШнын Жээк күзөтүнүн, ошондой эле Гавайи улуттук гвардиясынын катышуусунда АКШнын деңиз флоту тарабынан уюштурулган. Машыгууларга Азия-Тынч океан аймагындагы АКШ менен союздаш мамлекеттер чакырылган. Штаб-квартирасы Нимиц-МакАртур атындагы Тынч океан командачылыгынын борборунда жайгашкан АКШнын Тынч океан командачылыгы тарабынан өткөрүлөт.

Азиялык-Тынч океандык мамлекеттердин машыгуусу
англ. Rim of the Pacific Exercise

     Машыгууга катышкан мамлекеттер.
Мүчөлүк:

26 мүчө өлкө, 6 жоюлган өлкө

Штаб-квартира:

Америка Кошмо Штаттары  Перл-Харбор, Гавайи

Уюмдун түрү:

Машыгуу уюму

Ырасмый тилдери:

англис

Негизделген
Түзүлгөн

1971

Катышуучулар түзөтүү

Биринчи RIMPAC, 1971 жылда өткөн, Австралия, Канада, Жаңы-Зеландия, УлууБританиядан, жана АКШдан аскерлер машыккан. Австралия, Канада, жана АКШ эмки ар бир RIMPAC машыгуусунда катышкан. Башка регулярдуу катышуучулар: Чили, Колумбия, Франция, Индонезия, Жапония, Малайзия, Нидерланд, Перу, Сингапур, Түштүк Корея жана Таиланд.

 
Гонолулу жээгиндеги AUG жетектеген USS Abraham Lincoln RIMPAC-2000 машыгуусунда.

Маданиятта түзөтүү

  • Battleship.[1] кинотасмасы RIMPAC-2012 машыгуусунун негизинде тартылган.
  • IMAXтын Aircraft Carrier: Guardians of the Sea документалдык кинотасмасы RIMPAC 2014 тууралуу тартылган
  • NCIS: Hawaiʻi 2 сезонунун 1 бөлүмү Prisoners Dilemma RIMPAC 2022 машыгуусу тууралуу тартылган.

Булактар түзөтүү

  1. Battleship (2012). IMDb (18 May 2012).

Колдонулган адабияттар түзөтүү