Toваp продукциясы - өнөр жай менен айыл чарбасында сатууга даяр продукциянын акчалай туюнтулушу.

Өнөр жай ишканаларынын Toваp продукциясына ишкананын жана заказ берүүчүнүн материалынан даярдалып, техникалык текшерүүдөн өтүп, складга кабыл алынган даяр буюмдардын наркы; ишкана башка жакка жөнөтүү үчүн даярдалган чийки заттын наркы, башка уюмдардын заказын аткаруу боюнча ишканада аткарылган жумуштун наркы кошулат. Ошондой эле ишкананын дүң баасы салыштырма баа боюнча эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4