Британиянын аскердик миссиясы

"Британиянын аскердик миссиясы"‎»‎ барагынан багытталды)

Британиянын аскердик миссиясыРоссиядагы февраль революциясынан кийин англиялык империалисттер Түркстанда түзгөн тыңчылар уюму. «Британиянын аскердик миссиясы» 1917-жылы 10-августтан Ирандын Мешхед шарында иш жүргүзүп, өзүнүн чалгынчылары аркылуу Түркстанда диверсиялык иштерди уюштурушкан.

Революцияга каршы чыккан Кокон автономиясын жана Дутовдун аскерлерин, Ташкендеги эсер, ак гвардиячылардын (1919-жыл, 18–21-январь) козголоңун колдогон. Ички контрреволюциячыл күчтөр талкалагандан кийин тараган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”.
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү