Достук фестивалы

"Достук фестивалы"‎»‎ барагынан багытталды)

"Достук фестивалы" - Ош шаарынын Карасуу районуна караштуу Зардар участкасындагы Ч.Айтматов атындагы билим берүү комплексинде ар жылы 1-майда өткөрүүлүчү иш-чара. Анын максаты - улуттар, элдер арасындагы достукту чындоо, бекемдөө.
Фестивал мектепте 2003-жылдан баштап өткөрүлүп келе жатат.
Бул фестивалда мектептин окуучулары ар улуттун улуттук кийимин кийип, алардын урп-адаттарын көрсөтүшөт, улуттук тамактарын даярдашат жана алардын бийлерин бийлешет. Фестивалда кыргыз, казак, өзбек, татар, уйгур, түрк, цыган, тажик, орус, корей, индия, араб ж.б. улуттардын маданияты көрсөтүлөт.
2011-жылы "Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жылына" арналган.