Камус Наама

"Камус Наама",‎»‎ барагынан багытталды)

"Камус Наама", "Манас" сөздүгү — X. Карасаевдин "Манас" эпосу боюнча түзгөн сөздүгү (Фр., 1990). Китеп эки бөлүктөн түзүлүп, 1-бөлүгүндө эпоско башка тилдерден кирген сөздөрдүн тизмеси алфавит тартиби боюнча берилген. Анын катарына сыйпырлар (катар номери) коюлган. Ошол сыйпырлар аркылуу окурмандар негизги бөлүктөн кеңири мисалдарды, анын маанилерин табат. "К. н." ичиндеги араб сөздөрүнүн түшүндүрүлүшү "Манаста" колдонулган мааниси боюнча берилген. Кээ бир учурда түпкү мааниси да айтылган. Сөздүктө берилген фарсы сөздөрү да жогорку тартипте берилген. Ал эми араб-иран сөздөрүнүн биригип кеткендери экиге ажыратылып, мааниси түшүндүрүлөт. Кээ бир учурда кыргыз сөзү менен бириккендери да бар. Аларга жогоркудай эле түшүндүрмө берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4