"Курманбек-кылымдар мурасы" комплекси

"Курманбек-кылымдар мурасы" комплекси - Жалал-Абад шаарынын кире беришинде орнотулган Курманбек баатырдын эстелиги жана салтанат капкасы. Баатырдын ат минип, колун жайып турган сурдуу келбети берилген. Эстелик жезден жасалган. Бийиктиги 5,5м, постаментиники 8 м, мрамор менен капталган. Курманбек баатырдын эстелигинин артында салтанат капкасы шанкаят. Комплекс 2001-жылдын октябрында Курманбек баатырдан 500 жылдык мааракесинде ачылган. Долбоордун авторлору:Жумалиев К.М., Дубанаев С.М., Шерматов Ж., Жолчуев Д., айкелчиси Жолчуев Д., архитектору Шерматов Ж.