«Кыз Сайкал» — баатырдык эпос. Айткан Орузбай Урмамбет уулу. Айтуучу 1978-ж. өз колу менен жазып келип, Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусуна тапшырган (Кол жазмалар фондусу, 686/5324-инв., 1-311-б.). Чыгарманын мазмунун негизинен «Манас» эпосундагы Сайкал менен Манастын сайышы жөнүндөгү эпизод, башкача айтканда баатырдык үйлөнүү мотиви түзөт (к. Баатырдык үйлөнүү).

«К. С.» эпосунун окуялары нойгут уруусунан чыккан Карача кан өз элине сырттан душман кол салуусунан коргоп турган бейпил турмушун сүрөттөөдөн башталат. Эпикалык салт мыйзам боюнча кандын жападан жалгыз кемчилиги — баласыздыгы. Баласыздык мотивин көркөм өздөштүрүү үчүн сырткы душмандардын тынч жаткан элге бүлүк салышы, жашы улгайган кандын кудайдан бала тилеши, түш көрүшү сыяктуу кырдаалдык мотивдер колдонулат. Зарыгып көргөн перзенти тентек чыгып, өзү курактуулардан кара күч, акыл, баатырдык жагынан айырмаланып турушу да — түрк-моңгол элдеринин баатырдык эпосторуна мүнөздүү көрүнүш. Сайкалдын куш салып салбырынга чыгышы, он беш жаш курагында жолборсту мерт кылышы, менсинген эки жигитти байлап келиши, атасы Карачанын кытайга салык төлөп тургандыгын Шерик аттуу балбандан угуп, жер чалышы, кытайдын Кежир балбанын сайышы, салык жыйнаганы келген кытайды жолотпой, өзү кытайларга барып алардын төрөсүн булдурсун менен жыга чабышы сыяктуу эпизоддордо Сайкал кадимки эпикалык баатыр катары сүрөттөлөт. Элин, жерин душмандан бошотуп, атасы Карачанын ордуна кандык кылып калат. Ушул окуялардан кийин гана эпостун «Манас» эпосуна түздөн-түз тиешеси бар негизги бөлүгү башталат. Көкөтөйдүн ашына Сайкал келген эмес экен. Кошой Жолой менен күрөшөр балбан таппай калганда Сайкалдын келбегенине өкүнүшөт. Ошондон улам Сайкалдын баатырдыгын билген Манас аш бүтөр менен Алмамбет, Чубак, Сыргак Бакайды жанына алып, Сайкалды издеп жөнөйт. Карачанын ордосуна барып, Сайкалдын эрдигин сыноо үчүн жылкы тиет. Сайкал эртең барып көрөрмүн деп камырабай жатып алат. Түшүндө жылкы тийген Манас экенин билип, анан аттанат. Сайкалдын Манас менен жүз көрүшүп, күч сынашып, жеңилген соң, акыреттик жар болууга ант бериши менен окуя аяктайт. Кийин Манастын өлгөнүн угуп, Таласка барып, зыйнатына туруп кайтат жана көп узабай кайып болуп кетет. Бул эпизоддор түгөлү менен «Манаста» бар.

Манас менен Сайкалдын акыреттик жар болушу «Манас» эпосундагы салттуу, көөнө мотивдердин бири (к. Сайкал, Акыреттик жар).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4