"Манас" эпосун окутуу — жаңычыл мугалим Б. Исаковдун усулдук китеби (Фр., 1989).

Автордун иш-тажрыйбаларынын негизинде кыргыз адабияты мугалимдери үчүн жазылган. Үч бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүм «Манас» эпосун окутуу» деп аталып, эпосту мектепте окутуунун жалпы маселелерине арналган. Бул бөлүмдө эпосту окутуунун мааниси, максаты, өзгөчөлүктөрү, сабактардын бул багытта илимий-усулдук жактан жабдылышы, учурдун талабына ылайык мугалим колдонуучу окутуунун жолдору, формалары жана ыкмалары баяндалат.

Экинчи бөлүм «Лекция-конспектилер» деп аталып, анда эпостун «Манас» бөлүмүнүн окуяларынын кыска баяндамасы жазылган жана окуучулар өздөштүрүүгө ыңгайлаштырылган отуз лекция-конспект сунуш кылынган, алардын ар бири өтүлгөн материалдарды сабакта бышыктоо үчүн суроо-тапшырмалар менен жабдылган.

«Сөз берметтеринин галереясы» деп аталган үчүнчү бөлүмдө эпостогу айрым каармандардын портреттерин, мүнөздөрүн, окуяларын, көрүнүштөрдү, жагдайларды образдуу сыпаттоо үчүн колдонулган асыл сөз берметтери, куюлушкан кеп казынасы сунуш кылынат жана алар сабакта окуучуларга таркатып берүүгө ылайыкташтырылган.

Мындагы үч жүздөн артык мисал «Манастын» тилдик каражаттарына, көркөм дүйнөсүнө, андагы элдик түшүнүктөргө, нукура улуттук поэтикага балдардын сүңгүп кирүүсүнө жардам берет жана мына ушундай мисалдарды табууга мугалимдин убактысын үнөмдөп, анын ишин жеңилдетүүгө көмөктөшөт. Б. Кыдырбаева, А. Муратов

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4