Саймалуу-Таш (галлерея)

"Саймалуу-Таш"‎»‎ барагынан багытталды)

Ош, Бишкек шаарларындагы “Саймалуу-Таш” көркөм сүрөт галереясы

“Саймалуу-Таш” көркөм сүрөт галереясы 2009-жылы сүрөтчү-дизайнер Мырзаев Арстанбек Маматжанович тарабынан уюшулган. А. Мырзаев 1961-жылы Ош областынын Кара-Суу районундагы Тээке айылында туулган. 1984-жылы Фрунзе шаарындагы С.А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын аяктаган. Алматы жана Москва шаарларында көркөм сүрөт окуу жайларынан билимин өркүндөткөн. 1992-2004-жылдары чет өлкөлөрдө (Австрия, Германия, Россия) болуп чеберчилигин өстүргөн. 2005-жылдан тартып Кыргызстандын патриоту катары тууган жерге кайтып келип, Ош, Бишкек шаарларында дизайн-студия, кийинчерээк көркөм сүрөт галерея уюштуруп эмгектенүүдө. 2007-жылы өз жамааты менен эл аралык долбоорго сүрөтчү ишкер катары катышып грант утуп алып АКШнын Огайо штатындагы Кливленд шаарына бир айлык чоң программада окуп өнөрүн өркүндөтүп келген. Башка өлкөлөрдүн жашоочуларынын дүйнөгө көз карашын, көркөм табитинин өзгөчөлүктөрүн билүүгө аракеттенүү көркөм сүрөт галерея жамаатынын иш-аракетинин негизги мазмунун түзөт. Галереянын жамааты унут калган кыргыздын декоративдик-колдонмо сайма өнөрүн сактап калуу менен бирге аларга жаңылык киргизип, өркүндөтүп, стилдештирип жаңы ыкма, жаңы боектор менен чагылдырууга ошол аркылуу дүйнөлүк маданияттын деңгээлине чыгууга аракет жасашууда. Аталган галереяда живопись, кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары, айрыкча сайма, курак, оюуга басым жасалат. Патенттелген сайма иштери бар.