«Сейтек» драмасы«Манас» үчилтигинин «Сейтек» бөлүмүнүн негизинде жазылган эки бөлүмдүү эпикалык-баатырдык драма. Автору Ж. Садыков. Кыргыз мамлекеттик Эмгек Кызыл Туу ордендүү академиялык драма театрында 1987-ж. коюлган. Режиссёру Б. Ибраев, жасалгасы сүрөтчү М. Исхаковдуку, музыкасы композитор К. Молдобасановдуку.

Драмадагы массалык кагылыш, чабыштарды Каракалпак АССРинин эмгек сиң. артисти Ташкендеги А. Островский атындагы театр жана сүрөт институтунун доценти А. Исмаилов койгон.

Спектаклдин негизги лейтмотиви Сейтектин бөтөн жерде чоңоюп, эр жетип, душмандарына каршы күрөшү, аларды жеңип, ата-бабасынын ордун баскандыгы жана элдин биримдиги үчүн иш-аракеттери түзөт. Драманын баш каарманы Сейтектин образын — Э. Бекболиев, Ч. Думанаев түзгөн. Негизги оң, терс каармандардын ролдорун аткаргандар: А. Осмонов — Семетей; Айчүрөк — Т. Абдыразаева, Ш. Алсеитова, Ж. Сыдыкбаева; Каныкей — С. Балкыбекова, Б. Кыдыкеева, Ж. Сейдакматова; Бакай — С. Жаманов; Күлчоро — 3. Сооронбаев, А. Жолдошев; Канчоро — И. Эшимбеков, Т. Дулатов; Кыяс — К. Досумбаев; Карагул — А. Чокубаев, К. Бекбатыров; Чачыкей — М. Далбаева, А. Сыдыгалиева, Ж. Жаманбаева жана башкалар

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4