"Семетей" эпосу — "Манас" трилогиясынын экинчи бөлүгү"

"Семетей" эпосу — "Манас" трилогиясынын экинчи бөлүгү" М. Мамыровдун эмгеги (Фр., 1963). Эмгек Алгачкы сөз, "Семетей" эпосунун варианттарындагы окшош мотивдер жана өзгөчөлүктөр. Эпостун образдары жана стилдик курулмалары, Акыркы сөз бөлүмдөрүнөн турат. Алгачкы сөздө "Семетей" эпосу "Манас" үчилтигинин 2-бөлүгү катары сюжеттик композициялык курулушка, идеялык мазмунга жана стиль өзгөчөлүккө ээ болгон көркөм чыгарма экенин айтат, "Семетей" эпосунун варианттарындагы окшош мотивдер жана өзгөчөлүктөр деген бөлүктө анын сюжеттик мазмунуна кирген окуялардын жайгашын, өнүгүшүн ар түрдүү варианттарды бири бирине салыштырып алардын окшоштуктары менен өзгөчөлүктөрүнө токтолот.

Эпостун образдары жана стилдик курулмалары деген бөлүктө "Семетей" эпосунун составдык бөлүктөрүнүн негизгилери — идеялык багыты, образ системасы, көркөм стили талдоого алынып, мүнөздүү өзгөчөлүктөрү, касиеттери белгиленет. Китеп акыркы сөз бөлүгү менен жыйынтыкталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4