Семетей менен Айчүрөктүн жолугушу

"Семетей менен Айчүрөктүн жолугушу"‎»‎ барагынан багытталды)

"Семетей менен Айчүрөктүн жолугушу" — орус саякатчы-сүрөтчү Б. В. Смирновдун Кенжекара ырчыдан жазып алган "Семетей" эпосунун негизинде тарткан калем сүрөтүнүн шарттуу аталышы.

Сүрөттө Кенжекара ырчы айлана-чөйрөсүн унутуп, эпикалык каармандардын "башка" дүйнөсүнө аралашып, аларды көрүп тургандай элестүү кылып айтып жатканында, сүрөтчү, ырчынын сөзү ошол эпикалык дүйнөнү көз алдына элестетип, кагаз бетине түшүргөн. Ал тарткан сүрөттөн биз Семетей баатырдын Ак борчук аты менен Үргөнчтөн өтүп, тигил жээкте үй тигип, күтүнүп жаткан Айчүрөккө келип, жолугушуп тургандыгын көрөбүз. Алдыңкы планда жасалгалуу ээр-токум токулган ак боз атка минген Семетей колуна Сырнайза алып, кундуз бөркүн көйкөлтө кийип нары карап турат. Анын келгенине жетине албай, жанаша тигилген эки боз үйдүн биринчисинин түрүлүү эшигинен жаңы гана чуркап чыгып, токтой калган Айчүрөккө Семетей бир нерсе айтып жаткандай. Арткы пландагы боз үйдөн чыгып келе жатып, токтой калган ак элечектүү үч аялдын көрүнүшү, бири-бирин жактырышкан эки жардын сөздөрүнө тоскоол болбос үчүн атайын оолак турушкан Айчүрөктүн курбуларынын образын бергендей болот. В. Б. Смирновдун тарткан бул сүрөтү кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгындагы эпикалык каармандардын образын чагылдырган эң алгачкы сүрөт деп айтууга болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4