"Тумар" радио сайт

"Тумар" үналгысы - Кыргызстанда 2007 жылдын сонунда обого чыга баштаган жаңы радиостанция. Бишкекте FM 102,5 МГц, Жалал - Абад менен Ысык Көлдө FM 103,2 МГц жыштыктарында обого чыгарылат. "Тумар" - "биринчи чыгыш радиосу" деп өзун таанытууда.

"Тумар" радиосу таанытуу (презентация) өткөрүү максатында 2008 жылы 11 апрелде Бишкекте чоң концерт уюштурган, ага Кыргызстандын ырчылары, мисалы, Султан Садыралиев, Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова, жана Казакстандан All Davai тобу, Өзбекстандан Шахзода катышышкан.


Учурда "Тумар" радиосунда беш алып баруучу (DJ) жана башында Алексей Сидоров кызмат отоп келишет. Алып баруучулар: Жанара Атабекова (буга чейин "Кыргызстан обондорунда" иштеген), Бегайым Абдыкадырова (буга чейин "Пирамида" телерадиокомпаниясында иштеген), Мирлан Токталиев (буга чейин "Алмаз-Нарын" радиосунда иштеген),Элиза Кененбаева (учурда студент) жана Адилет (учурда студент).

Тумар радиосу, 2010-жылдын 20-мартында эки жылдык мааракесине Озбек жылдызы Шахзоданы чакырып, Кыргызстандын борбору Бишкекте дунгуроткон той берди.