Тюркский героический эпос

"Тюркский героический эпос"‎»‎ барагынан багытталды)

"Тюркский героический эпос"В. М. Жирмунскийдин тандалган эмгектер жыйнагы (Л., 1974). Китеп кириш сөз, библиографиялык очерк менен башталып, "Манас" эпосун изилдөөгө киришүү, "Алпамыш жана баатырдык жомок жөнүндө аңыз", "Идиге жөнүндө аңыз" (Тарыхый булактардагы ногой баатырлары жөнүндөгү эпикалык аңыздар), Өгүздөрдүн баатырдык эпосу жана "Коркут китеби" деген чоң бөлүмдөн турат. Андан сырткары "Орто Азия элдеринин жомокчулары", "Түрк элдеринин элдик ырлары жөнүндө" деген макалалары да кирген. Китептин аягына пайдаланылган адабияттардын орус, СССР элдеринин тилдериндеги жана чет тилдеги тизмеси, китепте жолугуучу адам аттарынын көрсөткүчү берилген.

Кириш сөздө В. М. Жирмунскийдин илимий чыгармачылыгы жана илимий изилдөөсүнүн негизги багыттары жөнүндө кыскача түшүнүк берилген. "Библиографиялык очерк" автордун 1969-ж. англис тилинде жарык көргөн китебинен алынган макаласынын котормосу. Очеркте түрк тилдүү элдердин баатырдык эпосторун жана фольклорун изилдеген В. В. Радлов, В. В. Бартольд, Г. Н. Потанин, П. Н. Мелиоранский, А. Н. Самайлович, И. А. Беляев, Герман (Арминий) Вамбери, Ч. Ч. Валиханов, Н. Ф. Катанов, А. Диваев, А. С. Орлов, М. Ауэзов, М. Богданова, К. Рахматуллин, Б. Юнусалиев, X. Зарифов, В. И. Вербицкий өңдүү белгилүү илимпоздордун илимий изилдөөлөрү жөнүндө баяндама берилген. Ошондой эле В. В. Радловдун "Түндүк түрк урууларынын элдик адабияттарынын үлгүлөрү", В. В. Бартольддун "Коркут атанын китеби", каракалпак поэмалары "Едиге", "Кобланды" жана казак эпосу "Алпамыш баатыр", "Козу-Көрпөш, Баян-Сулуу", кыргыз эпосу "Манас" эпос-дастандардын келип чыгыш булактары, алгачкы жарыяланышы, айтуучулары жөнүндө жана башкалар маалыматтар камтылган.

Китептин биринчи бөлүмү бүтүндөй "Манас" эпосуна арналган, (к. Введение в изучение эпоса "Манас").

Китептин "Алпамыш жөнүндө аңыз" деген экинчи бөлүмү автордун тарыхый-салыштырма планда кеңири иштелип 1960-ж. Москвадан жарык көргөн капиталдык монографиясы. Бул эмгек эки бөлүктөн турат. Эмгектин биринчи бөлүмүндө "Алпамыш" жомогунун келип чыгышынын коңурат (куңгарт), өгүз, кыпчак, алтай версиялары каралат. Дастандын өзбек, каракалпак, казак, алтай тилдеринде жарык көргөн варианттары салыштырылат. Келип чыгыш теги изилденет. "Алпамыш" орто азиялык элдердин "Юсуп жана Ахмед", "Жаныш-Байыш", "Козу-Көрпөш, Баян-Сулуу", "Ядгар" жана башкалар дастандарына тийгизген таасири иликтенет. Экинчи бөлүм дастандын сюжетин, окуяларын талдоого арналган. "Идиге" жөнүндө аңыз" бөлүмүндө түрк элдеринен (казак, каракалпак, өзбек, ногой, түркмөн, башкыр, сибирь татары, алтай) ар түрдүү учурда жазылып алынган ар кандай версиялары иликтенет. "Тарыхый булактардагы ногой баатырлары жөнүндөгү эпикалык аңыздар" бөлүмүндө казак эпосторундагы ногой баатырлары тарыхый өңүттөн каралып, изилденген. "Өгүз баатырдык эпосу жана "Коркут китеби" бөлүмүндө "Коркут атамдын китеби" дастанынын изилденүү тарыхын талдап, окумуштуу дастан тууралуу кеңири иликтөө жүргүзөт. Ал эми "Орто Азия элдеринин жомокчулары" макаласында Түркстандагы элдердин айтуучулары, алардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү жөнүндө илимий пикир айтып, манасчылар, анын ичинде Сагымбай, Саякбай туурасында да сөз козгойт. "Түрк элдеринин ырлары жөнүндө" макаласы жалпы эле түрк ырларынын теориясына арналган. Негизинен түрк эпосторун системалуу салыштырып изилденген бул эмгектин түрк тилдүү элдердин эпосторун жана "Манас" эпосун изилдөөдө мааниси зор.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4