Чоң манасчы Саякбай жана ал айткан вариант

"Чоң манасчы Саякбай жана ал айткан вариант""Манас" эпосунун Саякбай Карала уулунун варианты боюнча жарык көргөн 1-китебине С. Мусаевдин. жазган баш макаласы (Фр., 1984). Кириш сөздө Саякбай Карала уулунун кандайча манасчы болгондугу жөнүндө кеңири сөз козгойт. Манасчылардын көптөгөн муундарынын табылгаларын терең өздөштүрүү менен зор таланттын, чыгармачылык шыгынын кошундусунан жаралган Саякбайдын варианты "Манастын " бүгүнкү колдо балгондорунун эң мыкты үлгүлөрүнүн бири. Бул вариант эпостун салттык туруктуу окуяларын толук камтыгандыгы, мазмунунун байлыгы, терең элдик идеясы, жогорку көркөмдүк деңгээли менен айырмаланып турат. Саякбай "Манасты" жөнөкөй эле кайталап айтпастан, эпоско өз салымын кошуп, мазмунун кеңейтип, көркөмдүгүн арттырган чоң манасчы. Анын вариантында согуштук эпизоддор өзгөчө кеңири, таасирлүү айтылат. Жер-суу көрүнүштөрүнүн берилиши, баатырлардын кагылыш-кармаштарынын сүрөттөлүшү белгилүү манасчылардын айткандарынан, эң мыкты дегендеринен ашып түшпөсө, кем калышпайт. Баш макалада автор Саякбай Кара уулунан жазып алынган эпостун мазмунуна кеңири токтолгон. Эпостун салттык окуялары Саякбай Карала уулу айткан вариантта толук камтылгандыгы менен бирге белгилүү болгон көп варианттардан айырмаланып турат. Ал эпостун "Семетей" менен "Сейтекти" жана анын уландыларына негизинен "Манасты" өркүндөтүүгө өз салымын кандай кошсо, кийинки уландыларына деле так ошондой мамиле жасаган. Макалада С. Карала уулунун варианты боюнча бул басылышты жарыялоо принциптеринен да кабар берилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4