«Азия» дүйнө бөлүгүнүн аты жөнүндө

Огуздардын атынан алар улуу мейкиндик «ОГУЗИЯ» деп аталган. Бул «Огуз үйү», «Огуз уясы», «Огуз өлкөсү» дегенди түшүндүргөн. «ОГУЗИЯ» – «Гузия», «Узия», «Озия» деп өзгөрүп, ар кайсы элде ар кандай диалектиде айтылып отуруп, акыры – «Азия» болп калган. Анткени, бул аймакка атын берген Огуз элинин өзүнүн ысымын да, башка элдер: «огуздар», «гуздар», «уздар», «аздар» деп айта беришкен.

Грек мифологиясы боюнча Асия (Азия) – титан Иапет менен Асиядан төрөлгөн балдары: Прометей, Менетей, Элиметей жана Атлант. Башка вариантта Асиянын энеси катары – Климен айтылат («Мифологический словарь». М.СЭ.1991.65-б.).

Ошентип, грек мифологиясы боюнча Азия кыздын ысымы. Жердин аты катары эч кандай кабар жок. Бирок, тарыхтын атасы болгон. Геродоттон баштап, бардык гректарыхчылары «Азия» деп жер аты катары негизинен скифтер жашаган тарапты жазышкан. Башкача айтканда, Алды¢кы Азиядан тарта түндүк-чыгышты карай созулган дүйнө бөлүгүн белгилешкен. А чынында, Александр Македонскийдин жортуулуна чейин алар чыгышта Индия, Кытай сыяктуу чо¢ өлкөлөрдүн бар экенин билишкен эмес. Кыскасы, «Европа» кыздын аты болгондой эле, байыркы гректердин түшүнүгү боюнча «Азия» да кыздын аты болгон. Анткени менен «Библейская энциклопедия» деген китепте, жер аты катары «Азия» жөнүндө маалымат айтылат: «Асия, же Азия байыркы элдерге белгисиз, төгөрөктүн төрт бурчунун бири. Бул ат адегенде составында Иония жана Еолия болгон Лидия областына гана тиешелүү болгон. Анан бул аталыш Кичи Азияга карата колдонулуп, кийин аны менен бул Чыгыш дүйнө бөлүгү аталып калды. «(М.»Терра». 1990,66-б.).

Ошентип бул китеп боюнча байыркы «Азия» деп адегенде Кичи Азияны айтышкан. Анын башкы борбору болуп, кадимки улуу даанышман Гераклиттин туулган шаары – Эфес саналган. Ал эми жергиликтүү элдер, алар келген тарапты (күн чыгышты) жана алар жайланышкан жерлерди «огуздардын өлкөсү» – «аздардын өлкөсү» – «Азия» деп аталышы шексиз.


Булак: Серия:«Окуучунун китеп текчесине» түзөтүү

АЛА-ТОО УЛАМЫШТАРЫ Түзгөн: Сулайман Рысбаев, Батыркулова Айгул (Тестиер жана өспүрүм курактагы мектеп окуучулары үчүн)