«Айтыш» республикалык коомдук фонду

«Айтыш» республикалык коомдук фонду - төкмө акындардын чыгармачылыгын колдоо максатында түзүлгөн мекеме. Ишкер Садык Шер Нияз - тарабынан негизделген (2001). 2004жылдан фондду төкмө акын Э. Иманалиев жетектейт. Фонд КРнын эл артисттери, акындар А. Айталиевдин жана Т. Абдиевдин айтыш мектебинин түптөлүшүнө, төкмө акындар республикалык эл аралык айтыштарга активдүү катышуусуна өбөлгө түзүүдө. Фонддун колдоосу менен «Ак таңдайлар» аттуу китеп жарык көрдү (2003), республикалык айтыштардын видео, аудио кассета, компакт-дискеттери чыгарылды, үч тилде (кыргызча, орусча, англисче) өз алдынча Интернет сайт (www/aitysh/kg) ачылды (2004). «Калемгер» адабий клубу негизделип, УТРКнын «Айтыш», «Чечен айтыш», «Бетме-бет» телекөрсөтүүлөрүндө акындардын айтышы эл сыноосуна коюлуп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1