Бекбекей

«Бекбекей‎»‎ барагынан багытталды)

Бекбекей - кыргыз оозеки адабий музыкалык чыгармачылыгындагы эмгек ырларынын бири. Ал көчмөн мал чарбачылыгына байланыштуу келип чыккан. «Б.» дегендин этимологиясы жөнүндө кыргыз фольклористикасында эки ача пикир бар. Айрым илимпоздор (М. И. Богданова) ырдагы «Бекбекей», «Саксакай» деген аттарды байыркы көчмөндөр сыйынган тотемдик пирлер (колдоочулар) деп болжолдосо, айрымдары (Ж. Таштемиров) «бек! бек! эй!» жана «сак! сак! эй!» деген этиштик кыйкырыктардан затташуу жолу м-н келип чыккан деп ой жоруйт. Бул эки пикир тең тек гана божомол мүнөзүндө. «Б.» ырын жайкы түндө короо күзөткөн жаштар, көбүнчө кыз-келиндер ырдашкан. Ырдын текстинде байыркы поэзиядагы магиялык элементтер менен соңку лирикалык ырлардын мотивдери айкалышып кеткен. «Б.» ырынын бир нече варианты бар, варианттарда айырмачылыкка караганда окшоштуктар басымдуураак. «Б.» лирикалык мүнөздөгү обон менен аткарылган. Анын обону А. Аманбаев менен С. Германовдун «Айша менен Айдар» операсында, М. Абдраевдин «Суусамыр» симфониялык поэмасында пайдаланылган. Бекбекейди «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамбли түпкү өзөгүн бузбай, мукамдуу аткарат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4