«Вэй шу» («Вэй династиясынын тарыхы») – Түндүк Вэй (386–535) жана Чыгыш Вэй (534–550) династияларынын тарыхый хроникасы. «Вэй шу» Түндүк Ци империясынын императору 550—559 Вэн Сюан-динин буйругу боюнча кытай тарыхчысы Вэй Шоу (506–572) тарабынан 551–554-жылдары түзүлгөн. Алгач 131 главадан (цзюань) туруп, 10-кылымдын аягында 29 главасы дайынсыз жоголгон. Азыркы убакта анын 124 главасы гана сакталып калган. Чыгармада байыркы түрк уруулары (бийик арабачан гаогюйлык динлиндер) сяньби, шивэй, хунну, кидан ж.б. тууралуу көптөгөн маалыматтар чагылдырылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү