«Кайыңды кабель заводу» ААК

«Кайыңды кабель заводу» ААК – ачык акцпонердик коом (1992). 1958-ж. Панфилов районундагы була заводунун базасында «Кыргызкабель» заводу болуп уюшулган. Алгачкы буюмдар 1960-жылдан чыгарыла баштаган. Суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу жаңы корпустар курулуп, жаңы технологиялар өздөштүрүлгөн. 1975-ж. завод 29 млн рублдик буюм чыгарган. 1998-ж. заводдо реконструкциялоо иши жүргүзүлгөн, бирок ал өз профплпн сактап калган. 2004-жылдан азыркы аталышында.

Колдонулган адабияттар түзөтүү